ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулууда

🔹 Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда. Долбоор боюнча А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт.
🔹 Жаңы альтернативалык багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Кочконов менен Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы долбоордук көчөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул көчөнүн бир багыты Айтиев көчөсүнө, экинчи багыты Навои көчөсүнө чыгат.
🔹 Жыйынтыгында үч тараптуу айланма жол түзүлүп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылууга багытталган.
default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео