Ош шаарында “Жашыл шаар” демилгеси: стратегиялык долбоорду ишке ашырууга старт берилди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын негизинде ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыгууда.
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жумушчу топтун жетекчиси катары бүгүн тиешелүү кызматтын жетекчилери, ЕБРР банкынын өкүлдөрү, консултант-адистердин катышуусунда биринчи отурумду өткөрдү.
“Жашыл шаар” долбоору — Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктурасын жана экологиялык абалын заман талабына ылайык жакшыртууну көздөйт.
Долбоордун негизги артыкчылыктары:
• Шаардын туруктуу жана экологиялык таза өнүгүүсүн камсыз кылуу
• Инфраструктураны, коммуналдык кызматтардын ишин модернизациялоо
• Эл аралык стандарттарга ылайык жашыл саясатты киргизүү
• Эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү
Эң башкысы, бул демилге аркылуу Ош шаарында жашыл өнүгүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.