ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз!

📍Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!
✅ Сиздерди 22–23-апрель күндөрү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз!
🔹 Ош шаарынын мэриясы, КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте “Окурман Ош” деген аталышта китеп фестиваль өткөрүп жатат.
📌 Фестивалдын алкагында сиздерди китеп жарманкеси, тематикалык көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик программа күтөт. Бул – китеп сүйүүчүлөр үчүн чыныгы майрам!
📅 Фестивалдын программасы
📖 22-апрель (1-күн)�⏱️ 12:00–13:00 — Ош мамлекеттик университетинде белгилүү чыгармалар боюнча жаш окурмандар үчүн тест сынагы.
⏱️ 13:00–14:20 — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссёр Уланмырза Карыпбеков койгон “Куса” драмасы (кирүү акысыз).
📖 23-апрель (2-күн)�⏱️12:00 — Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада “Жаштарды китеп окууга тартуу маселелери” темасында тегерек стол.
⏱️14:00–16:00 — Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык кече.
⏱️17:00–18:00 — Алымбек датка этнографиялык комплексинде китеп жарманкесинин расмий ачылышы.
⏱️19:00–20:30 — “Окурман Ош” фестивалынын салтанаттуу жабылышы жана концерттик программа.
📚 Китеп майрамына келип, руханий дүйнөңүздү байытыңыз!

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео