Ошто заманбап жана экологиялык талаптарга жооп берген мейманкана ачылды
Ош шаарында заманбап талаптарга жооп берген “TES HOTEL” мейманканасынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков катышты.
Аталган мейманкана 2003-жылы 5 бөлмөлүү чакан конок үй катары ишин баштаган. Акырындык менен өнүгүп, бүгүнкү күндө 52 бөлмөлүү заманбап мейманкана комплекси катары жаңыланып ишке берилди.
Долбоордун жалпы көлөмү болжол менен 124 миллион сомду түзүп, анын ичинен 83 миллион сомдон ашуун каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Бул колдоо заманбап мейманкананы курууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жаңы имаратта экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурулган. Жылытуу системалары жана абаны тазалоо функциясы заманбап стандарттарга ылайык жасалган.
”TES HOTEL” негизинен чет өлкөлүк туристтерди жана иш сапар менен келген конокторду кабыл алат. Мейманкана сапаттуу тейлөө жана экологиялык таза шарттарды сунуштоо менен заманбап туризм талаптарына жооп берет.
Бул долбоор коммерциялык объект гана эмес, шаардагы заманбап жана туруктуу мейманкана бизнесинин үлгүсү катары каралууда.