ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Ош шаарынын аймагында жалпы шембиликтин алкагында 140,8 гектар жер аянты тазаланып, 690 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21280 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди.
🔹Ишембиликке Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан активдүү катышып, шаардын тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү иштерине өз салымдарын кошушту.
🔹Мындан тышкары жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жашыл аймактардын санын көбөйтүү, бак-дарактардын жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлдү.
🔹Белгилей кетсек, ишембиликтер ар апта сайын “Жашыл мурас” улуттук демилгесин жайылтуу максатында жарыяланган Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүүдө.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео