ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңы кондитердик цех ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

Ош шаарында “Мадина” аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Ачылышка шаар мэр Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты.
🔹Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы шаарда ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Анткени бүгүнкү күндө инвестициялык климатты жакшыртуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчамдатуу иштери жүргүзүлүүдө.
🔹Ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сом колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү. Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео