СНОС: Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда
Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде шаар аймагында уруксат берүүчү документтери жок же курулуш талаптарына жооп бербеген объекттер аныкталып, аларды бузуу иштери улантылууда.
Учурда Курманжан датка көчөсүндө мыйзамсыз курулган бизнес объекттер демонтаждалып, мыйзамсыз курулуштар тиешелүү кызматтар тарабынан толугу менен баштапкы абалына келтирилди.
Ошондой эле, И.Разаков көчөсүндөгү №20 көп кабаттуу турак үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, имараттын биринчи кабатында мыйзамсыз курулуп, кеңейтилген объекттерди алуу иштери жүргүзүлүүдө.