Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Күн тартибине:

2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө;

Калктын саламаттыгын сактоо багытында медицина мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу;

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;

Муниципалдык менчик башкармалыгынын иши тууралуу;

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 250 млн сом каражатты кабыл алуу жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө;

Муниципалдык ишканалардын жыйымдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу;

Шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;

Коомдук транспорттун жол акы тарифине өзгөртүү киргизүү боюнча;

Айрым географиялык объекттерге ат берүү маселеси;

Ипотекалык турак-жай берүү тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу;

Муниципалдык жана мамлекеттик менчиктерди өз ара өткөрүп берүү маселелери;

“Достук” кичи шаарчасындагы айрым көрүстөндөрдү жабуу боюнча;

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасын бекитүү жөнүндө маселелер коюлду.