ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто жол коопсуздук маселеси боюнча кеңейтилген жыйын өттү

🔹Бүгүн, 28-апрель Ош шаарында жана Ош облусунда жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, акимдер, облустук жана шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.
🔹Жыйында жол кырсыктарынын негизги себептери талкууланып, айдоочулардын тартипти сактабагандыгы, ылдамдыкты ашыруу жана жол эрежелерин бузуу учурлары өзгөчө белгиленди. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу каралып, тиешелүү мекемелерге алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмалары берилди.
🔹Мындан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңейтүү, мектептерде жана жогорку окуу жайларда жол коопсуздугу боюнча сабактарды активдештирүү, ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео