ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Ош” Эл аралык аэропортунда жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

🔹 Бүгүн, “Ош” Эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты.
🔹 Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын аймагындагы ишканалар бош жайларды жашыл аймак кылса жакшы болоорун айтып өттү. Ошондой эле калаа башчысы ушу тапта Ош шаарында көчөт отургузуп, бак тигүү жашыл зоналарды көбөйтүү жараяны жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.
🔹 Белгилей кетсек, “Аэропорт” сейил багы 1 гектар жерди ээлеп, анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган.
🔹 Ж.Акаев өз сөзүндө билдиргендей, учурда шаар боюнча 13 жаңы сейил бак курулууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео