
”Ата-бабаларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Биз аларды ар дайым сыймыктануу менен айтабыз. Азыркы бейпил жашоону алар бизге кан менен, жан менен алып беришкен», – деди шаар башчысы. Мэр өз сөзүндө азыркы учурда да дүйнөдө согуштар көп болуп жатканын белгилеп, Кыргызстанда стабилдүүлүк, ынтымак жана тынчтык түбөлүк өкүм сүрүшүн каалады.