”Керме-Тоо” аймагы: Жергиликтүүлөрдүн көйгөйү жерде калбайт!
12-май, Ош шаары
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугууда.
Жарандар социалдык мекемелерди, көп кабаттуу үйлөрдүн балдар ойноочу аянтчаларын, тротуар куруу сыяктуу инфраструктуралык багыттагы суроолорду беришти.
Ошондой эле жолугушууга “Келечек” базарынын соодагерлери базарда мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтып даттанышты. Мэр тийиштүү кызматтарга жеринен тапшырма берип, аталган маселе боюнча чечим болоорун айтты.
Мындан тышкары, айрым тургундар шаар башчысын көйгөйлөрүн жеринен угуп, көрүүнү суранышты. Жанарбек Акаев айрым маселелерди бүгүн жеринен көрүп, чечээрин убадалады.