ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

📆Ош шаары, 5-май

🔹Ош шаардык Борбордук аянтта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын гала-концерти салтанаттуу түрдө өттү.

🔹 Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана шаар тургундары катышты.

🔹 Мэрдин орун басары кайрылуу жасап, маданий кеченин маанисине токтолду.
«Бүгүнкү кече — өнөрдүн улуулугун даңазалаган, жүрөктөрдү жакындаткан өзгөчө саамалык. Май айынын алгачкы күндөрү Ош сахнасында тартууланган “Чолпон” балети жана Жузеппе Вердинин “Травиата” операсы көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө өчпөс таасир калтырды. Аншлаг менен өткөн бул кечелер жогорку искусствого болгон урмат-сыйдын айкын далили болду», — деди ал. Иш-чарада Ош шаардык мэриясынын атынан театрдын жамаатына 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

🔹 Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы театр Ош шаарына чыгармачылыктын өзгөчө майрамын тартуулап, сахна аркылуу сулуулуктун, гармониянын жана бийик сезимдердин дүйнөсүн ачып бергенин баса белгиледи.

🔹Маалымат үчүн:
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры – өлкөдөгү жалгыз опера театры. Ал 1930-жылдары музыкалык-драмалык театр катары түзүлүп, 1942-жылы опера жана балет театры болуп кайра уюшулган. Театрдын 1955-жылы курулган имараты архитектуралык жактан өлкөдөгү эң кооз маданий жайлардын бири болуп эсептелет.

🔹Гала-концертке келген көрүүчүлөр артисттердин чеберчилигине жогорку баа беришти. Аянттагы бул кече шаардын маданий турмушундагы маанилүү окуялардын бири болуп калды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео