ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Жаштар театры ачылды

🔹Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын Жаштар театры расмий түрдө ачылып, алгачкы премьерасы көрүүчүлөргө сунушталды.

🔹Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, акын-жазуучулар, маданияттын мыкты ишмерлери жана шаар тургундары катышышты.

🔹Театр өз ишмердүүлүгүн казак акыны Мукагали Макатаевдин чыгармасынын негизинде коюлган “Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?” аттуу мюзикл-драма спектакли менен баштады.

🔹Театрга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын ысымы ыйгарылды. Бул чечим театрдын руханий багытын бекемдеп, анын улуттук жана дүйнөлүк маданий баалуулуктар менен байланышын чыңдоого багытталган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео