С.Бекмуратов музыкалык мектебинин отчеттук бүтүрүүчү концерти өттү
20-май, Ош шаары
Ош шаарындагы С. Бекмуратов атындагы №1 музыкалык мектебинин отчеттук бүтүрүүчү концерти өттү
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардагы музыкалык мекемелердин жетекчилери, ата-энелер жана шаар тургундары катышты. Коноктор бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, ак жол тилешти.
Концерттин алкагында музыкалык мектептин мугалимдерине жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы жана билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.
Ошондой эле мектептин бүтүрүүчүлөрү жана окуучулары даярдаган концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланды. Жаш таланттар классикалык жана улуттук чыгармаларды аткарып, конокторго тартуулашты.