ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаары Кытай компаниялары менен кызматташат

🔹Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытай Эл Республикасынын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага шаар мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм, социалдык өнүгүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты.
🔹Тараптар бир канча маселелерди талкуулашты. Алардын бири “Светлый район” долбоору. Кытай компаниясы өз каражатынын эсебинен Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясында иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экендигин билдирди. Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып, ишке киргизгенден кийин техникалык тейлөөнү да жүргүзүүгө ниеттенүүдө.
🔹Мындан тышкары “Кооз шаар” программасы аркылуу шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жабдууларын жана курулуш материалдарын мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирүү, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу маселелери каралды.
🔹 Ошондой эле эл аралык долбоордун алкагында Ош шаарында кытайлык адистер тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүү пландаштырылууда.
🔹Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео