
Жанарбек Акаев өз сөзүндө энелер тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун символу экенин белгилеп, кыргыз элинин энени барктаган бир канча макалдарын атап, мисал келтирди. Ошондой эле энеде баладан артык эч нерсе жок экенин айтып, акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” чыгармасын энелерге көркөм окуду.