Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтында айт намазы окулду. Ага шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, шаар тургундарын жана конокторду Курман Айт майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы ар бир үйгө береке, ынтымак, өлкөбүзгө туруктуулук, өсүп-өнүгүү каалады.
Быйыл Борбордук аянттагы айт намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.