
Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүндө жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу аркылуу курулду. Үч кабаттуу имаратта тил үйрөтүү, робототехника, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар, ошондой эле заманбап конференц-зал иш алып барат. Мындан тышкары, «Арууке» бий ансамблинин ишмердүүлүгү да ушул борбордо улантылат.