ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарына поликлиника курулат

🔹Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынын жана коомчулуктун сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу кош каржылоонун алкагында ишке ашырылат. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
🔹 Поликлиниканын курулушу жаңы конуштардагы миңдеген тургундар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Бул — аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири.
🔹 Долбоордун алкагында калкка сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүлүп, жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүлөт.
🔹 Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун кызматташуусу жаңы конуштардагы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга жана бийлик менен элдин ортосундагы диалогду чыңдоого кызмат кылат.
🔹 Маалымат үчүн: «Аракет» долбоору Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштарда жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана муниципалдык кызматтарга жетүүнү жакшыртууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео