ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ж. Акаев ПРООН өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын мониторинг миссиясынын делегациясы менен жолугушту.
🔹 Тараптар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, андан аркы кызматташуунун келечегин карашты. Мэр Ж.К. Акаев өз сөзүндө Ош шаары үчүн абанын булганышы, жашылдандыруу, суу ресурстарын сактоо маселелери актуалдуу экенин белгилеп, комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, санариптик башкаруу куралдарын киргизүү, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо, шаардын коопсуздугун камсыздоо жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга даяр экенин айтты.
🔹 Жолугушууга ПРООН тараптан Туруктуу өкүл А.Е. Соловьева жана РФ ТИМдин өкүлү Г.В. Устинов баштаган делегация катышты.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео