ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору талкууланды

🔹 2026-жылдын 4–5-июнь күндөрү Ош шаарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун коомдук талкуулоо боюнча жыйындар өткөрүлдү. Иш-чаралар шаардын бардык 9 МАБ/ААБында уюштурулуп, ага жергиликтүү тургундар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар активдүү катышышты.
🔹 Жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун мазмуну менен таанышып, өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.
🔹 Жыйындардын жыйынтыгында бардык сунуштар жалпыланып, Уставдын акыркы редакциясын даярдоодо эске алуу үчүн жумушчу топко берилди.
🔹 Белгилей кетсек, талкууга коюлган Уставдын долбоору Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Долбоор жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн жөнгө салууга, жарандардын коомдук турмушка катышуусун кеңейтүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео