Ош шаарындагы Абдувалиев көчөсүндө жолду реконструкциялоо иштери кызуу темпте уланууда.
Учурда туурасы 8 метр болгон жол тилкеси тегизделип, иретке келтирилип, кийинки этапка даярдалууда. Ишке 30га жакын жумушчу жана 13 атайын техника тартылган.
Учурда туурасы 8 метр болгон жол тилкеси тегизделип, иретке келтирилип, кийинки этапка даярдалууда. Ишке 30га жакын жумушчу жана 13 атайын техника тартылган.
Буга чейин жолдун аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алынып, тилке толугу менен тазаланган. Эми негизги максат — сапаттуу жол төшөп, көчөгө жаңы көрк берүү.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, бардык иштерди тез арада аяктоо пландалууда.


