Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылса болот:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана).
Керектелүүчү документтер:
1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү.
2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күндүк мөөнөт өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөөрүн маалымдайбыз.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил объектини (мүлктү) аукцион белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин аукционду алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар: Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын же Ош шамы гезитинин сайттарына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 күн өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөт. Ага бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө 1 күн калганда аукционго катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
Аукционго катышууну каалагандардын өкүлдөрү ишеним кат аркылуу катышса болот.


