Бүгүн, 23-июлда, Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок жарандарга жардам көрсөтүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында “Селсаяк” аталышындагы профилактикалык рейд башталды.
Рейддин алкагында бүгүн шаар аймагында кароосуз калган жана туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктоо, аларга зарыл болгон медициналык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Муктаж болгон жарандарга убактылуу муниципалдык түнкү башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү карлды.
Ошондой эле шаар аймагындагы кароосуз калган имараттар, жер төлөлөр (подвалдар) жана башка жерлер текшерилип, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана селсаяктардын топтолушуна жол бербөө багытында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Рейддин негизги максаты — коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүү жана аларды тиешелүү социалдык колдоо кызматтарына багыттоо.




