Бүгүн 24-июль күнү Ош шаарында паралимпиадалык спорттун бочча түрү боюнча Ош шаарынын Ачык чемпионаты старт алды.
Мелдеш 24-27-июль күндөрү өтүп, спортчулар BC1, BC2, BC3 жана BC4 категориялары боюнча күч сынашат.
Чемпионат №11 В. Терешкова атындагы мектеп-интернатында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.
Бочча – тактыкты, стратегияны жана чыдамкайлыкты талап кылган спорт. Бул мелдеш спортчуларга өз чеберчилигин көрсөтүп, жеңиш үчүн таймашууга жаңы мүмкүнчүлүк берет.

