ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты. Иш-чарага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Япония, АКШ, Франция жана Россиянын муниципалитеттери, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү чогулду.
Форумдун алкагында Ош менен Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият жана спорт тармактарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушуп, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жана шаардык башкарууну санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулады.
Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү Ош шаарынын инвестициялык жана туристтик потенциалын арттырып, туруктуу өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

  

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео