ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коллегия: алты айдын жыйынтыгы жана жаңы багыттар

Ош шаарында 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, мэрдин орун басарлары, ошондой эле мэриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйында:
– Ош шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын
экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө;
– “Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маселелер каралды.

Жыйын суроо-жооп иретинде өтүп, күн тартибинде каралган маселелер боюнча аткарылган иштердин жетишкендиктери жана орун алган кемчиликтер айтылып, тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулду.
Жыйынтыгында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында орун алган кемчиликтерди жоюу, экинчи жарым жылдыкта алдыга коюлган милдеттерди жана пландалган иштерди өз убагында, так ишке ашыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

   

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео