ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Инвестициялык долбоорлор — жаңы өндүрүштөрдүн башаты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “100 өнөр жай ишканасы – 2026” тизмесине кирген инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкерлер менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ишканалардын жетекчилери катышышты.
Талкуунун жүрүшүндө долбоорлордун учурдагы абалы, ишке киргизүү мөөнөттөрү жана аларды ишке ашыруудагы көйгөйлүү маселелер каралды.
“Кен Строй Сервис”, “Куньлунь”, “Папан Бөрү”, “Барбол кондитердик фабрикасы”, “Обидфайз”, “Эко Азык” жана “Азия Органикс” ишканаларынын долбоорлору боюнча курулуш иштеринин жүрүшү, уруксат документтери, жер жана инженердик инфраструктура маселелери талкууланды.
Соңунда аныкталган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана долбоорлорду белгиленген мөөнөттөрдө ишке киргизүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

 

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео