Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Авицена көчөсүндө жол куруу иштери башталды.
Жумуштардын алкагында жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 26 метрге чейин кеңейтилет. Ошондой эле жол боюна бордюрлар орнотулуп, ирригациялык тармактар жаңыланат жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулат.
Учурда курулушка даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө электр мамычаларын, газ түтүктөрүн жана коммуникациялык тармактарды жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул жумуштардан кийин жолго асфальт төшөө иштери башталат. Асфальт төшөө мезгилинде коопсуздук талаптарына ылайык жолдун айрым тилкелери убактылуу жабылат.
Мындан тышкары долбоордо узундугу 24 метр болгон жаңы көпүрөнүн курулушу каралган.
https://www.facebook.com/reel/1364119069043078

