Мэрдин тапшырмасы менен шаар тургундарынын, өзгөчө каналга жакын жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Увам каналында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Раззаков көчөсүнөн өткөн каналдын 80 метрлик бөлүгүнүн жээгине атайын тосмолор орнотулду. Буга чейин каналдын нугун бөгөп турган мыйзамсыз курулуштар алынып, аймак таштандылардан тазаланган.
Тиешелүү кызматтар тарабынан каналдардын айланасын иретке келтирүү жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери улантылат.
https://www.facebook.com/reel/1820796886022402
https://www.facebook.com/reel/1820796886022402

