Бүгүнкү күндө Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 10 мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын ири — Б. Алыкулов атындагы мектептин аймагында окуучулар үчүн 120 орундуу кошумча имараттын курулушу.
Курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү, билим берүү мекемесинин аймагын кеңейтүү жана окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында мектептин айланасын жакшыртуу иштери аткарылууда.
Мектепке жакын жайгашкан аймакта унаа тейлөөчү жайлар, унаа тетиктерин сатуучу соода түйүндөрү, павильондор жана башка мыйзам талаптарына жооп бербеген объектилер орун алган.
Бул жайларды иретке келтирүү жана билим берүү мекемесинин аймагын бошотуу багытында шаар жетекчилиги жана тиешелүү кызматтар тарабынан объект ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Шаар бийлиги билим берүү тармагындагы объектилерди өнүктүрүүгө, окуучулар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантат.
https://www.facebook.com/reel/3075000589371427

