ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаардын келечегин курган кесип ээлери: Ошто Куруучулар күнү белгиленди

Ош шаарында курулуш тармагынын өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы – Куруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери, шаар куруу тармагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тармакта үзүрлүү эмгектенип жаткан адистер катышышты.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, шаарды өнүктүрүүдө, заманбап инфраструктураны түзүүдө жана эл үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоодо курулуш тармагынын өкүлдөрүнүн эмгеги чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал Ош шаарында курулуш багытында аткарылып жаткан масштабдуу иштерге токтолуп, 2026-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Мэр ошондой эле курулуш тармагынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, курулуш тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, шаардын өнүгүшүнө салым кошкон адистерди Ош шаарынын мэриясынын атынан Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттар менен сыйлады.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, анда чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанай тартуулашты.

https://www.facebook.com/reel/1042947554894236

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео