Бүгүн Ош шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Биримдик кербени” аттуу 40 күндүк улуттук көчү салтанаттуу тосуп алынды.
Иш-чара “Санжыра” этно эс алуу борборунда өтүп, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Баткен облусунан башталган кербенге Лейлек, Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорунун өкүлдөрү кошулуп, бүгүн Ош шаарына келип жетти. Мындан ары кербен Кара-Суу жана Өзгөн райондорун аралап өтүп, андан соң Манас шаарына багыт алат.
“Биримдик кербени” – өлкөнүн аймактарын бириктирип, улуттук баалуулуктарды, ынтымакты жана биримдикти даңазалоону максат кылган маданий долбоор.












