ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коомдук коопсуздук – башкы көңүлдө: Мэр Ички аскерлердин 7703 аскер бөлүгүнө барды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барып, аскерлердин кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды жеринен көрүп чыкты.
Анын жүрүшүндө бөлүктүн командачылыгы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жана массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылып жаткан кызматтык милдеттер тууралуу кеңири маалымат берди.
Мындан тышкары, шаар башчысы казарманы, ашкананы, медициналык пунктту, спорттук аянтчаны жана жоокерлер пайдаланган башка жайларды кыдырып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Алардын кызмат өтөөсү жана жашоо-тиричилиги үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө баа берип, сунуш-пикирлерин укту.
Жолугушууда аскер кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык камсыздоону чыңдоо маселелери талкууланды.
Иш сапарынын соңунда Жанарбек Акаев Ички аскерлер өлкөдө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кызмат өтөп жатканын белгилеп, өздүк курамга жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео