ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Билим берүү: мектеп жамааттары менен ачык диалог өткөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту.

Жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, педагогдордун пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды.

Догдуркүл Кендирбаева бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык кабыл алынышы керектигин белгилеп, маселелерди өз ара сый-урмат жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, мугалимдер жана мектеп жетекчилери менен ачык диалогду улантууга даяр экенин айтты. Мэр балдардын сапаттуу билим алуусу бардык маселелерден жогору турарын белгиледи.

Ошондой эле №69 «Олимп» мектебинин имаратын социалдык багытта пайдалануу, анын базасында 500 орундуу бала бакча куруу жана профилдик билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео