Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кең-Сай жана 218-квартал конуштарында буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерди.
Айта кетсек, 218-кварталда көчөлөрдү жарыктандыруу жана электр чубалгыларын тартуу иштери толугу менен аяктады. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын демилгеси менен электр мамыларын алмаштыруу иштери да толук бүткөрүлдү.
Учурда суу насосун орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар бүткөрүлгөндөн кийин квартал тургундары ичүүчү суу менен камсыз болот. Ал эми жарандар суранган фельдшердик-акушердик пунктту куруу жана газдаштыруу маселелери кийинки этаптагы иш-планына киргизилет.
Кең-Сай конушунда да инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер уланууда. Тактап айтканда, Мээркан айылына түз кеткен жолду жана көпүрөнү куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Жакынкы күндөрү долбоорду ишке ашыруу иштери башталат. Мындан тышкары, конуштун ички көчөлөрүн ачуу жана тегиздөө жумуштары жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы башталган иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана алдыдагы пландарды өз убагында ишке ашыруу боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
