Бүгүн 1-ноябрда, Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө шаардык ички иштер башкармалыгынын жана шаар аймагында жайгашкан ички иштер органдарынын 536 кызматкери гарнизондук саптык кароого тизилип, өздүк курамдын даярдыгы көрсөтүлдү.
Иш-чарада шаар жетекчилиги милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы жооптуу кызматтарын белгилешти. Ошондой эле кызматтык милдеттерин так аткарган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Соңунда милиция кызматкерлери жана кызматтык автоунаалар борбордук аянтта салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.
Ош шаарынын мэриясы милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жооптуу кызматтарына ийгилик, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайт!

