Ош шаарындагы Т.Атабаев көчөсү А.Мамыров көчөсүнөн № 47 көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштеринен кийин расмий пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге шаар башчысы Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, жергиликтүү тургундар катышты.
Атабаев көчөсү Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6 чакырымды түзөт. Реконструкциялоодон кийин жол кеңейтилип, 4 тилкелүү болду.
