“Ош шаарынын Мамыров көчөсү, 52-дарегинде мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу жана башкаруу” долбоору
Долбоор Ош шаарында 50 тарбиялануучуга ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү уюмун курууну жана андан ары башкарууну карайт.
Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгы шаар калкынын мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон муктаждыгынын өсүшү, иштеп жаткан бала бакчаларда орундардын жетишсиздиги, ошондой эле балдар үчүн сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы менен шартталган.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы орундардын тартыштыгын азайтуу, балдарды тарбиялоо, окутуу жана ар тараптуу өнүктүрүү үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү күтүлүүдө.
Долбоордун демилгечиси — Ош шаарынын мэриясы.
Долбоор боюнча квалификациялык талаптардын жана сунуштарды берүүгө карата бирдиктүү суроо-талаптын документтери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: “Бирдиктүү суроо-талап”.
Конкурска катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Конкурсту өткөрүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн кызыкдар тараптар төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрыла алышат:
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору: 0 312 300 176;
- Ош шаарынын мэриясы: 0 555 801 490.
