Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарды кыдыруу учурунда Раззаков, Авиценна жана Моторная көчөлөрүнүн абалы менен таанышты. Учурда аталган аймакта жаңы турак үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.
Шаар башчысы курулуштар толук аяктагандан кийин бул аймакта унаалардын агымы кескин көбөйүп, жол тыгыны жаралышы мүмкүн экенин белгиледи. Мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн иштерди азыртан баштап, турак үйлөр курулуп бүтө электе жол инфраструктурасын кеңейтүү зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле тиешелүү кызматтарга жолдун болжол менен 500 метрлик бөлүгүн кеңейтүү, жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, канал аркылуу өтүүчү көпүрөнү талапка ылайык келтирүү жана жаңы көпүрө куруу боюнча тапшырмаларды берди.
