Ош шаарынын аймагында электр энергиясын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле электр тармактарына түшкөн жүктөмдү азайтуу максатында төмөнкү сунуштар иштелип чыкты:
- Жарнамалык LED-экрандардын ишин чектөө. Шаар көчөлөрүндө орнотулган жарнамалык LED-экрандардын ишин эртең мененки саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин убактылуу токтотуу сунушталат.
- Соода жана көңүл ачуу жайларында электр энергиясын үнөмдөө. Соода түйүндөрүнүн, кафе-ресторандардын, тойканалардын, банкеттик залдардын жана башка көңүл ачуучу жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, түнкү саат 01:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин жарыктандыруу каражаттарын, музыкалык үн күчөткүч жабдууларды жана электр жылытуучу шаймандарды өчүрүү сунушталат.
- Көчө жарыктандыруу системаларын жөнгө салуу. Шаардагы парктарда, скверлерде жана көчөлөрдө орнотулган түнкү жарыктандыруу системаларын саат 01:00дөн 05:00гө чейин убактылуу өчүрүү, ошондой эле негизги көчөлөрдөгү эки тараптуу жарыктандыруунун бир тарабын өчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат.
Электр энергиясын максаттуу пайдалануу. Белгиленген лимиттерди так сактоо, электр энергиясын ашыкча жана максатсыз пайдаланууга жол бербөө зарыл. Электр энергиясын негизинен жарыктандыруу үчүн колдонуп, турак жайларды жылытууда көмүр, отун жана газ сыяктуу альтернативдүү отун булактарын пайдалануу боюнча шаар тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде үнөмдөө режимин киргизүү. Электр жылытуучу жабдууларды жана кондиционерлерди пайдаланууну убактылуу чектөө, жумуш убактысынан тышкары электр жабдууларын жана жарыктарды өчүрүү, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша кыймыл сенсорлору менен иштеген жарыктандыруу системаларын орнотуу сунушталат.
- Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү. Электр энергиясын үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, электр тармактарына түшкөн жүктөмдү азайтуунун зарылдыгы жана ар бир керектөөчүнүн жоопкерчилиги боюнча шаар тургундары арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Электр энергиясын үнөмдөө — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз. Ар бирибиздин сарамжалдуу мамилебиз энергетикалык туруктуулукту камсыз кылууга чоң салым кошот.
