Бүгүн 19-ноябрь күнү, Ош шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXIII сессиясы болуп өттү.
Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, депутаттар, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибине жалпысынан сегиз маселе киргизилип, алардын катарында шаардагы географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо, мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жана башка маселелер каралды.
Мэрдин сунушу менен күн тартибиндеги үчүнчү маселе биринчи болуп талкууланды. Анда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев А. Масалиев проспектисинде жана Ак-Буура дарыясынын үстүндө эстакадалык көпүрөлөрдү куруу долбоорунун алкагында үйлөрү буздурула турган жарандарга компенсация катары “Ош Сити” турак жай комплексинен 100 батир берилерин билдирди.
Тургундар алгач жаңы батирлерге көчүрүлүп, андан кийин гана үйлөрү бузулат. Ошондой эле долбоордо эки чакырымдык веложол жана тротуар куруу каралган.
Маселе боюнча мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев презентация жасап, депутаттардын сунуш-пикирлери эске алынган токтом долбоору бир добуштан кабыл алынды.
