Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан коррупциянын терс кесепеттерин чагылдырган кыскача видеоролик даярдалды.
Коррупция — коомдун өнүгүшүнө тоскоол болгон, мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана жарандардын мамлекетке болгон ишенимине доо кетирген терс көрүнүш.
Коррупцияга каршы күрөшүү ар бирибиздин жоопкерчилигибизден башталат. Пара бербөө жана пара албоо — мыйзамдуулукту сактоого, адилеттүү жана таза коомду курууга кошкон ар бир жарандын салымы.
Таза коомду биргеликте куралы!
