ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жер мунапысы боюнча келип түшкөн арыздар канаттандырылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун төрагалыгы астында жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Күн тартибинде келип түшкөн арыздардын тизмесин добушка коюу, кайрылган 88 жарандын тизмесин бекитүү жөнүндө сунуш каралды. Комиссиянын кароосуна жыл ичинде жалпы 1999 арыз келип түшкөнү айтылып, жалпы маалымат берилди.

Мында жыл жыйынтыгы менен 844 жаранга жер тилкеси мыйзамдаштырылып, токтому чыккан. Алардын ичинен 535 жаран жер тилкелерине мамлекеттик акты алышкан.

Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан 22 айыл чарба багытында турган, социалдык, электр тармактары, газ түтүктөрү жайгашкан жер тилкелеринин схемалык пландары иштелип чыгып, бекитилген.

Ал эми, 1073 жарандын арызы “Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө Жобонун талаптары боюнча жер мунапысынын обьектисине кирбегендигине байланыштуу комиссиянын кароосунан четтетилип, арыз ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео