ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн эксперти Кыял Жанузакова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Тамара Абылкасымова, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Форумда проректорлордун ишмердүүлүктөрү жана тил корпусун түзүү маселелери, жогорку окуу жайларда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, окутуунун заманбап жолдору, кыргыз тилинде жүргүзүлгөн иш-кагаздардын абалы, артыкчылыктары жана кемчилдиктери жөнүндө баяндамалар жасалып, бир катар сунуштар айтылды.

Иш-чара билим берүү системасы аркылуу мамлекеттик тилдин жайылтылышы, сакталышы, өркүндөтүлүшү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео