ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы БУУӨП менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болду.
Жолугушууда тараптар жарандардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу байланыштарды чыңдоону талкуулашты.
Замир Юсупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы шаар тургундарынын турмушун жакшыртууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы ар дайым эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, социалдык демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Жыйында мындан сырткары жаштардын “коворкинг” борборун курууга көмөк көрсөтүү, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо, зарыл болгон аймактарда жаңы өрт станцияларын куруу сунуштары айтылды.
Александра Соловьева шаар бийлигин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын стратегиялык маанисин белгилеп, туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча өз ара аракеттенүүнүн алкагында климаттын шаар турмушуна тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурууну, өз ара аракеттенүүнүн инновациялык форматтары, анын ичинде эл аралык донорлор менен биргеликте аракеттенүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео