ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ленинграддын блокададан бошотулгандыгына 80 жыл

Ош шаарында блокададагы Ленинграддын бошотулганынын 80 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары катышты.
Эскерүү иш-чаралары “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды. Чогулгандар Ош шаары үчүн Ленинград блокадасын жоюунун жылдыгы өзгөчө символикалык мааниге ээ экенин белгилешти.
Мындан тышкары, Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында «Өмүр үчүн» иш-чарасы өттү. Анын алкагында «Нева дарыясындагы салют» аттуу архивдик материалдардын көргөзмөсү, Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитетинин колдоосу менен «Жеңиш-Кыргызстандын ыктыярчылары» коомдук кыймылынын «Блокада наны» акциясы уюштурулду.
Соңунда «Улуу согуш. Ленинград» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Ленинградды бошотуу үчүн болгон салгылашууларда 4 миңден ашуун кыргызстандыктар өз өмүрлөрүн беришкен. Кыргызстан курчоого алынган шаарга азык-түлүк жана жылуу кийим-кечелерди жөнөткөн.
Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңден ашууну балдар болгон.
Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күнгө созулган. Анын курмандыктарынын так саны белгисиз, ар кандай булактар боюнча 400 миңден 1,5 миллионго чейин жетет.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео