ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Баатыр эне” төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басары Нурбек Кадыров, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Калаа башчысы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, бүгүн 20 энеге “Баатыр эне” ордени, 14 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктар берилди.

Ош шаарында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин саны 567, алардын пенсия курагындагысы 483, эң жашы болсо 34 жашта. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелердин саны 185.

Маалымат үчүн: “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео