ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс

Конкурс өткөрүү күнү “Ош шамы” коомдук саясий гезитине же болбосо Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты.

Конкурска катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
1. Физикалык жактар үчүн – паспорт.

2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.

3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк – Ош шаары, «ОАО РСК», №4407011001000191, лиц. счет 4407011101000191, төлөмдүн коду: 31412110, БИК 129039.

4. Конкурска катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.

5. Жер тилкесине курулуучу обьект туураалуу эскиздик проект.

Белгилей кетүүчү нерсе, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектти (лот) конкурс белгиленген күнгө үч күн калганда конкурсту алып салууга укуктуу.

Көңүл буруңуздар!
Конкурска бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда конкурска катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.

Конкурска катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишенген жактары) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.

Маалымат алуу үчүн: +996 (700) 250-001

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео